Бороондун кесепетинен 15 троллейбус орто жолдо токтоп, атайын унаанын жардамы менен жылдырылган





Бишкек шаарынын Троллейбус башкармалыгы жана “Түндүк электр” ишканасы түнү бою 8-июнда болгон шамалдын кесепеттери менен күрөштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бороондун кесепетинен 15 троллейбус байланыш тармактарынан ажырап, барчу жайына жетпей калган. Натыйжада аталган транспорт каражаттары тиркелүүчү арабанын жардамы менен ордунан жылдырылган. Ошондой эле жалпы аткарылган жумуштарга 2 жогору жакка көтөрүүчү унаа бригадасы менен, 1 тиркелүүчү араба, айдоочуларды ташуу үчүн нөөмөттөгү 6 автобус жана 1 кызматтык унаа тартылган.
Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери түнкү саатка 3кө чейин улантылды.
Ал эми “Түндүк электр” ишканасынын берген маалыматына ылайык, авариялык электр өчүрүүлөрдү жойгонго 130 оперативдүү топ чыккан. Бригадалар бардык керектүү делген жабдыктар жана техникалар менен камсыздалган.

