super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрайымы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевге эскертүү жасады

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 9-июндагы отурумунда комитет төрайымы Наталья Никитенко акыйкатчы Бактыбек Аманбаевге эскертүү жасады. 

"Балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча сиздин атайын баяндама берүүңүз бир канча аптага жылганы Жогорку Кеңеште терс кабыл алынды. Сиздин орун басарларыңыздын бири милдетиңизди аткарып койсо болмок",- деп сынга алды акыйкатчыны.

Акыйкатчы орун басарлары башка милдеттер менен жүрүшкөнүн билдирди. 

"Мен расмий иш сапарда болгом. Бул боюнча кат жүзүндө билдиргем. Менин орун басарларымдын бири жаңы дайындалган. Ал эми башка орун басарым башка маселе боюнча иш жүргүзөт",- деп жооп берди акыйкатчы.

Айта кетсек, Наталья Никитенко парламенттин өткөн жумадагы жыйынында акыйкатчы Аманбаев 2014-жылы аткарган иши боюнча маалымат берүүдөн баш тартып жатканын айтып чыккан. Анда депутат акыйкатчы ар кандай себептер менен отчёт бербей, маселе 5 ирет күн тартибинен алынганын билдирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: