Бишкекте "Назик" бий тобу 15 жылдыгын шоу-концерт менен белгиледи
























Бүгүн, 9-июнда Бишкекте "Назик" бий тобунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата шоу-концерт орун алды. Ыр, күлкү менен коштолуп, бий басымдуулук кылган концерт 3 саатка чукул убакытка созулду. Концерт көрүүгө келген эл шаңдуу бийлерди карап, эрикпей отурду.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Дүйнөдө улутуна, тилине карабай үч нерсени дайыма түшүнсө болот. Алар: бий, ыр жана күлкү" деп концерттин катышуучулары айткандай, бул кечте аталган үч нерсе тең болду. "Назик" бий тобунун түрдүү курактагы бийчилери түрдүү улуттарга, түрдүү элдерге таандык бийлерди бийлеп беришти. Алардын арасында 6 ай мурун гана аталган бий тобуна келген жаш кыздар, болгон күчүн бийден чыгарган өспүрүмдөр жана көп жылдар бою топто бийлеп келе жаткан тажрыйбалуу бийчилер болушту. Алар кыргыз бийинен тарта Индиянын маданиятына таандык бийлерди, самба, танго жана башка көп бийлерди жогорку деңгээлде бий сүйүүчүлөрүнө тартуу кылышты.
Топтун негиздөөчүсү Назик Исраилованын кош бойлуу экенине карабай жаш окуучулары менен так секирип, чимириле бийлегени көпчүлүктүн купулуна толду. Сөз сүйлөө үчүн чакырылган анын жердештери бий тобунун негиздөөчүсүнө "Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу" төш белгисин тагышты. Өзү туулуп-өскөн айылдын ардактуу атуулуна Кыргызстан Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева Ардак грамота тапшырды. Андан соң көрүүчүлөр талыкпай 15 жыл эмгектенип, көп убактысын жаш бийчилерди тарбиялоого арнаган Назик айымга ордуларынан туруп, дүркүрөтө кол чабышты.
Концерттик программанын жүрүшүн тейлеп, алып баруучулук милдетти Эрмек Нурбаев аткарды. Концерттин жүрүшүндө "Дем" театрынын өкүлдөрү кантип сүрөткө туура түшүү керектигин айткан тамашаны аткарып, элдин боорун эзди. Аларга катар "Тамашоу" Лигасынын өкүлдөрү элге күлкү тартуулап, залдагылардын көңүлдөрүн көкөлөтө алышты. Ырчылардан Анжелика, Урмат Усенов, Омар, Султан Садыралиев сыяктуу ырчылар жана башка өнөрпоздор обон созушту.
Бий өнөрүнүн чеберлеринен эл кол чабууларды аяган жок жана сахна көшөгөсү жабылганга чейин эл отурган тараптан жандуу колдоо токтогон жок.
Кош бойлуу Назик испан бийин так секире бийледи
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(14)
Mikella

09.06.2015. 23:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
концерт кобойду. Саны бар сапаты жок баякыле....
Husan

10.06.2015. 02:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооонун болгон окшойт концерти)))))
djkaro

SUPER.KG видео
11.06.2015. 02:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болуптур го,озгочо испан бийи жакты.
selfish

SUPER.KG видео
11.06.2015. 02:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эптеп эле ((
sara90

SUPER.KG видео
11.06.2015. 09:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info konserttin tolugun kutobyz...
spacegirl

Медиа-портал
11.06.2015. 16:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик жонундо кененирек маалымат бергилечи супер инфо суранам
suiuktuujar

Медиа-портал
11.06.2015. 20:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур.
jazgul80

SUPER.KG видео
12.06.2015. 02:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун болуптур. Азамат Назик.
elmaramahamat

Медиа-портал
12.06.2015. 05:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отвечаю, бут коруучулор либо бийлегендердин туугандары или достору, лол
aiposha

Медиа-портал
12.06.2015. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы онугуп оскуло
ailam14

SUPER.KG видео
12.06.2015. 12:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы))
nurkasym-2014

Медиа-портал
12.06.2015. 16:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур.
Sharipa-asia

SUPER.KG видео
12.06.2015. 17:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат айым экен, кучтуу, эрктуу! Ишине ийгилик каалайм, кыргыз эли учун иштеген айымдар катарында бар бол
ainuska00

Медиа-портал
15.06.2015. 12:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тош белги алам десен концерт кой экен да азыркы заманда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.