super.kg logo
  Саясат  

Экономикага инвестиция тартуунун шарттарын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда талкууланды

 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 9-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды. 

3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча депутат Замирбек Бекбоев баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору экономикага инвестиция тартуунун шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан.

Маалыматка ылайык, аракеттеги мыйзам мындан үч жыл мурда кабыл алынганына карабастан, ал ушул кезге чейин иштебей келет. Мыйзамдын талаптарына ылайык, эгер инвестор мамлекетке бир долбоор боюнча чогуу иштешүү сунушу менен кайрылса, ал долбоорго тендер жарыяланышы керек. Демилге көтөргөн жеке компания тендерде жеңип чыгышы күмөн, ошондон улам инвесторлор кайрылбай жатышат. Азыркы мыйзам долбоорунда мындай шарт жок. Эгер мамлекет өз демилгеси менен кандайдыр бир инвестициялык долбоорго тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керек. Эгер тендердин жеңүүчүсү нааразы болсо, анын маселесин сот чечет. 

Соңунда мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: