super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарында электр кубатын чыңдоо үчүн чет элден насыя алып, көмөк чордондорду курууга багытталган мыйзам долбоору артка кайтарылды

 

9-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарында электр кубатын чыңдоо үчүн чет элден насыя алып, көмөк чордондорду курууга багытталган мыйзам долбоору каралды. 

Өкмөт мүчөлөрү билдиришкендей, эгерде аталган долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланса, анда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 25 миллион доллар өлчөмүндө насыя алынат. 

Талкууда комитет төрагасы Кожобек Рыспаев мындай көмөк чордондорду курууга республика жарандары тарабынан да кайрылуу болуп жатканын маалымдады. "Башка өлкөлөрдөн карыздап насыя алып кургандан көрө, куруп беребиз деп жаткан өзүбүздүн ишкерлерге шарт түзүп берүү керек",- дейт ал.

Талкуунун соңунда комитет мүчөлөрү бир катар сын-пикирлердин негизинде мыйзам долбоорун артка кайтарышты.

Мындан сырткары "Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы" долбоорун каржылоо жөнүндө Евразия экономикалык коомунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: