super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Биз Борбор Азияда суунун канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз"

 
"Биз Борбор Азияда суунун канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз",- деп билдирди өкмөт башчы Темир Сариев 9-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын администратору Хелен Кларк менен жолугушуу учурунда. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында “Суу - жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык конференциянын алкагында өттү. 

Өкмөт башчы Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасына кыргыз мамлекетинде жүргүзгөн ишмердиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча аталган программанын айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын рационалдуу колдонуу жана өлкө жарандарынын жашоо шартын жакшыртуу боюнча ишин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу, БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтчү кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын катышуусу жана Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү жараяны, андагы эл аралык байкоочулардын катышуусу сыяктуу маселелерди талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: