super.kg logo

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясына 5 жыл

 

Бүгүн, 10-июнда кыргыз өлкөсү Ош жана Жалал-Абад облустарында 5 жыл мурун болуп өткөн каргашалуу коогалаңды эскерүүдө. Жакындарын жоготкондор, жарааты айыга элек жабыркоочулар, өрт коюлган коломтонун ээлери дагы бир ирет жүрөгүнөн ошол суук күндөрдү өткөрүшөт. 

1990-жылы Ош шаарында улуттар аралык пикир келишпестик тарых барактарына жазылып калган. Анда болжол менен 4 миңге жакын кырдаал иликтенип, 3215 кылмыш иши катталган. 1,5 миңге чукул кылмыш иши козголуп, анын 300дөйү сотко жөнөтүлгөн. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 48 адам зомбулук, адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыпталып, эркинен ажыратылышкан. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ болгондо алардын басымдуу бөлүгү мунапыска кабылышкан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, анын ордуна Убактылуу өкмөттү жетектеп Роза Отунбаева келген.

Айрым маалымат булактары 13-майда Бакиевдин тарапташтары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы администрацияны басып алганы тууралуу жазып чыгышкан. Алардын өз губернаторлорун шайлап, бийликти кулатуу үчүн Бишкекке адамдарын жибергени айтылган. 14-майда Жалал-Абадда баш аламандык орун алып, натыйжада Убактылуу өкмөт облустук администрацияны кайтарып алган.

Чогулган эл Бакиевдин туулган айылына барып, аларга тиешелүү үйлөрдү өрттөп салган. 19-майда өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровго каршы митинг өткөн. Аны аймакта орун алган баш аламандыкка күнөөлөшүп, жоопко тартууну талап кылышкан. Айрым маалыматтарга караганда, бийлик өкүлдөрүнүн суранычы менен Батыров өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен.

2010-жылы 10-июнда саат 22:00дө Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү казино, жатакана, филармония жана башка жерлерде жаңжал чыккан. Бийлик өкүлдөрү чогулгандарды башкара албай калышкан. "Жатаканада кыздарды зордуктады" деген сөздөр тарап, башка жактагы тургундардын тез арада чогулушуна түрткү болгон.

2010-жылы 11-июнда саат 02:00дө Убактылуу өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген.

Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган. Өзбек улутундагылар көп жашаган айылдардагы жашоочулар борбордук көчөнү бууп алышкан.

12-июнда "баш аламандыкка Өзбекстандын куралдуу күчтөрү аралашты" деген айыңдар тараган. Июнь коогалаңында чогулгандар баррикадаларды тургузуп, Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда өтүп бара жаткан унааларга ок чыгарышкан. Алар машиналар тайгалансын деп асфальт жолго мазут төгүп салышкан. Жыйынтыгында 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгону айтылган. 9 машина өрттөлгөнү маалым болгон. Анын ичинде Кыргыз-Өзбек университетин өрттөөгө аракет кылышкан.

13-июнда айылдарга чабуулдар улантылганы менен, барымтага алуу, зомбулук көрсөтүү азайган.

14-июнда Ош шаарында жаңжал басаңдай баштаган. Ал эми Жалал-Абадда абал 15-июнь күнү турукташкан.

Июнь окуясында жабыр тарткандар тууралуу, тагыраак айтканда, жаракат алгандар боюнча так маалымат жок. Айрым расмий маалыматтарда 893 адамдын каза болгону айтылса, расмий эмес маалыматтарда баш аламандыктын биринчи күнүндө 800 адам мерт болгону айтылып келет. Ошондой эле дайынсыз жолголгондор да айтылып, бирок алардын так саны жарыяланган эмес. Бейөкмөт уюмдар иликтөө жүргүзүшүп, 457 адамдын курман болгонун айтышкан. Ош облусунда орун алган окуя боюнча 5162 кылмыш иши ачылганы айтылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Июнь окуясында жалпысынан 2300 имарат талкаланып-өрттөлгөн. Анын ичинен 1975и турак жай, 299 соода түйүнү, 32 мамлекеттик мекеме жана 15 инфраструктуралык объект болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.06.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh chirkin kandai kundordu bawtan otkorboduk... KYRGYZ eli, jeri, DINI uchun kurowkon baatyr myrzalarybyzdyn jatkan jerleri jailuu bolsun!!! BIZ ECH KACHAN ALARDY UNUTPAIBYZ!!! Al emi buk okuyany uyuwturgan i kargylagan (akmaktar) albette joop beret!!! Kiymatta jolugabyz i joop beresiner owondo!!!
10.06.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз деп курошуп каза табышты ушуларды баатыр десек болчудай 11апрельде олгондорду деле баатыр кыла салыштыго эмнеге ош окуясына коп конул бурбайт биздин чиновниктер
10.06.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurchik05, себеби оздору уюштурган.
10.06.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adilet94 - 10 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
10.06.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баатырларга атак данк!
10.06.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эа ким эа нерсе унутулбайт! !!
11.06.2015. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-11 11:15:26
11.06.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AbdiMitalMagamedAliBektur - эскертүү сызыгынын толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Улуттар аралык түшүнбөстүк, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: