super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары 3 спорт түрүнөн өз ара жеңүүчүлөрдү аныкташты

 

6-8-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында Спартакиада болуп өттү. Ага өлкөнүн 7 облусунан 8 команда катышып, 3 спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш сергек жашоону калыптандыруу жана балдар үйлөрүндө спортту өнүктүрүү максатында уюшулган. Мелдештин акыркы күнүндө футбол боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Оюн эрежеси боюнча, командада 6 футболчу: 4 эркек, 2 кыз болду. 

Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунан келген команда чемпион аталды. Алдынкы үчтүккө Чүй облусунун командасы жана Нарын облусунун командасы кирди. 

Ал эми жалпы командалык эсепте 3 спорт түрү боюнча жарыштардын жыйынтыгында Жалал-Абаддын командасы биринчиликти багындырды. Баткендиктер 2-орунду камсыздашса, Нарындын командасы 3-орунга ээ болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: