super.kg logo
  Саясат  

Абдыганы Эркебаев: "2010-жылы Июнь окуясынын чыгышына жол берген жетекчилер жоопко тартылбай калышты"

 

"2010-жылы Июнь окуясынын чыгышына жол берген жетекчилер жоопко тартылбай калышты". Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда “2010-жылдагы Июнь окуялары: себептери жана келечек үчүн сабактар” аттуу илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев билдирди. Анын айтымында, азыр өлкөнүн тынчтыгын бузуу үчүн жаңы коркунучтар бар. 

Улуттук комиссия өз жумушунун жыйынтыгында "улуттар аралык мамиленин ырбашына жол берген, убагында чара көрбөгөн облустун, райондордун, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин сөзсүз жоопкерчилиги бар, алардын моралдык гана эмес, саясий жана административдик жоопкерчилиги каралышы керек" деп чыгарган. Тилекке каршы, ошол иш аягына чыкпай калды.  

Азыр өлкөнүн тынчтыгы үчүн жаңы коркунучтар бар. Исламдык радикализм: аларды көрүп жатасыздар, Сирияга, Ооганстанга чейин барып согушуп жатышат. Биз жактан да аларга кошулуп жаткандары жок эмес. Кооптуу жагы - радикализмге берилген жарандарыбыз кайтып келип кол салышы мүмкүн. Ошондуктан дин маселесин жөнгө салган комиссия жумушун жандандырышы керек. Бул маселени күнүгө карап, анализ жүргүзүп туруш керек”,- дейт Эркебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: