Бакыт Төрөбаев: "Аксылыктар - хан көтөргөн эл"




"Аксы эли - хан көтөргөн улуу эл". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 5-июнда Аксы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. Кербен шаарынын борбордук стадиону бул күнү майрамдык шаңга бөлөнүп, ар бир жергиликтүү жашоочу партия өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, жооп ала алышты. Жолугушуунун алкагында жергиликтүү спорткомплексинин иштеп кетүүсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү.
кошулду
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Абдулатип Режевалиев, Улукбек Кочкоров, Назарали Арипов, ошондой эле 4-чакырылыштын депутаты Зиядин Жамалдинов катышты. Андан сырткары партиянын Чүй облусу боюнча куратору Сабырбек Султанбеков, партиянын Ош шаары боюнча куратору Медербек Сабиров, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча куратору Мурат Жетимишбаев, Ысык-Көл облусу боюнча куратору Максат Чунуев, партиянын Талас облусу боюнча куратору Нурлан Сырдыбаев да жолугушууда болду.
кошулду
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын Аксы районунун эли менен болгон жолугушуусу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
0

Жердеш тууган урук болуп тартышпай ушул партияны колдош керек
Булар каяктан экенин билбейм бирок колдойм