Ош шаарында Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Июнь окуясынын 5 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Коогалаңда дайынсыз жоголгон 28 мекендешибиздин аттары чегилген "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексинде каза болгондорго жана дайынсыз жоголгондорго куран окутулуп, эстелигине гүлчамбар коюлду. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төргасы Улан Примов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. Андан соң Ош коогалаңында шейит кеткендердин, дайынсыз жоголгондордун жакындарына берилген үйлөргө барып куран окуу жана эскерүү болуп өттү.

