super.kg logo

Активисттер Чоң-Алай районуна акимди шайлоо мыйзамсыз өткөнү жатат дешет

 

Бүгүн, 10-июнда Чоң-Алай районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана активист жаштары SUPER.KG порталына кайрылып, "район башчысын шайлоо мыйзамсыз өткөнү жатат" деп билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун мурдагы акими 2015-жылдын 1-июнь күнү бошотулган, андан 4 күн өткөн соң райондун акиминин бош кызмат ордуна 3 талапкер көрсөтүлгөн. 

"Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамында акимдин бош кызмат оруну пайда болгон кезде акимдик кызматка талапкерлерди тандап алуу 30 (отуз) жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөрү жазылган, бирок бул мыйзам одоно түрдө бурмаланууда. Талапкер көрсөтүлгөндөн кийин акимдик кызматка татыктуу, колу таза, элдин ишенимине арзыган бир канча эр-азаматтардын шайлоого катышууга мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Биз мындай шашылыш талапкер көрсөтүүнүн артында кимдер турганын билебиз",- дешет активисттер.

"Айрым расмий өкүлдөрдө жеке кызыкчылыктар болбосо, райондогу аким болуп иштей ала турган кадрларга кеңири жол ачылмак" деген жергиликтүү кеңештин депутаттары "Көрсөтүлгөн 3 талапкердин бири мурда айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда кытайлык компанияларга жерлерди мыйзамсыз бергени маалым. Ошол боюнча үстүнөн иш козголгон, бирок ал иш дагы эле аягына чыга элек. Бош кызмат орунуна талапкерлерди тандоо процедурасы мыйзамсыз болуп, адилетсиздик болуп калды" деп өлкө башчыга жана өкмөт башчыга кайрылышты. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.06.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайрылбай эле койбопсуз барибир ашкенин адамы болот да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: