Акыйкатчы институтунун дарегине 2014-жылы 13 652 жаран арыз жана даттануу менен кайрылган
Акыйкатчы институтунун дарегине 2014-жылы 13 652 жаран арыз жана даттануу менен кайрылган. Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев 10-июнда Жогорку Кеңеште аталган институттун 2014-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты. Жогорудагы көрсөткүчтүн ичинде 2411 арыз жазуу жүзүндө түшкөн. Жарандардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтсак, 60 пайызы укук коргоо органдары менен сот тармагынын иш-аракетине нааразы.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Акыйкатчынын билдиришинче, убактылуу камак жайларында жаткан адамдардын кайрылуулары басымдуулук кылууда. Мисалы, 2014-жылдын 2-кварталында 5681 даттануу түшүп, текшерүү жыйынтыгында аларда келтирилген фактылардын 90 пайызы туура экени аныкталган. Ошондой эле балдарга каршы жасалган зордук-зомбулук боюнча 100 кайрылуу келип түшсө, анын ону далилденип, кылмыш иштери козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

