Ош менен Жалал-Абаддын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди
Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 10-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-майда кабыл алган. Мыйзам калк жыш жайгашкан тилкелерди өнүктүрүү үчүн аймактык-административдик түзүлүштү иретке келтирүүгө багытталган. Документ менен айыл категориясына төмөнкү калктуу конуштар кирет:
- Кажар калктуу конушу. Ала-Бука району, Балтагулов айыл өкмөтү;
- Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конушу. Аксы району, Кош-Дөбө айыл өкмөтү;
- Кара-Тарык калктуу конушу. Өзгөн району, Жалпак-Таш айыл өкмөтү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

