super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимдерди ратификациялоо каралды

 

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы "Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө жана өткөрүп берүү жөнүндө" келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөттү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 10-июндагы отурумунда кабыл алынды.  

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова ушу тапта бир катар чет өлкөлөрдө кылмышка шектелген же кылмыш кылган адамдар качып жүргөнүн, эки тараптуу келишимдер жок болгондуктан, ал өлкөлөр кылмышкерлерди кыргыз мамлекетине өткөрүп бербей келатышканын эске салды. "Эгер бул келишимдер ратификацияланса, эки тарап кылмышкерлерди кармап, бири-бирине өткөрүп бере баштайт. Мындай шарттар эл аралык тажрыйбада бар",- дейт ал.

Аталган келишимдерге ылайык, кыргыз мамлекети менен Бириккен Араб Эмираттары бири-бирине ар кандай кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жактан жардам көрсөтүшүнө, консультацияларды жүргүзүшүнө да кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлө турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: