super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков Сосновка айылына жана Суусамыр өрөөнүнө иш сапары менен барды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков, Каржы министрлигинин жана билим берүү мекемесинин өкүлдөрү Чүй облусуна караштуу Сосновка айылындагы жатак-мектебинин азыркы күндөгү ал-абалы менен таанышышты. 

Азыркы учурда согуш убагынан кийин курулган Сосновка жатак-мектеби ички жана сырткы жасалгалоого муктаж. Жылуулук системи, окуу корпустары, ашкана бөлмөсү капиталдык оңдоодон өтүшү керек. Мындай маселе менен буга чейин Сосновка жатак-мектебинин жамааты өкмөткө кайрылган эле.

“Азыркы учурда Чүй облусунда көптөгөн билим берүү мекемелери оңдоо иштерине муктаж. Муну айрым гана депутаттар билишет. Өкмөт алдында, жыйындарда бул көйгөйлөрдү көтөрүп отуруп, азыр бул маселе чечилгени турат. Азыркы тапта Кемин районунда 22ге жакын билим берүү мекемелери курулууда. Өкмөткө мен Москва районуна 4 объектини куруу сунушун киргизгем. Бул Сосновка жатак-мектебинин калыбына келтирүү иштери боюнча да иш алып барганга аракет кылам”,- деди Туратбек Мадылбеков.

Сосновка жатак-мектебинен кийин эл өкүлү Суусамыр өрөөнүнө жаңы көпүрө куруу маселеси боюнча сапар алды. Анда жайгашкан көпүрөнүн азыркы учурда ишке жараксыз экени аныкталды. Жолугушуу учурунда Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары көпүрө куруу сунуштарын жана маселелерин айтышты. Азыркы учурда бул көпүрө стратегиялык жолду ачканга чоң өбөлгө түзүп берери анык болду. Көпүрө жакта 50 миңдей гектар жер бар экени, тоют маселеси да оң жакка чечилери айтылды.  

“Бул көпүрө оңдолгондо бүт керектүү техника-машиналар өтүп, көптөгөн жерлерге жол ачылмак. Азыр бул жер кооптуу. Мал өтсө, машина өтпөйт дегендей”,- дешет жашоочулар.

Бул иш сапарда көйгөйлөр менен тааныштык. Уюштуруу комитети түзүлүп, куруу боюнча дагы алгылыктуу пландарды ишке ашырганга элге убада бердик. Жыйынтыгында айдоо жерлерине, жайлоого  бара турган көпүрө куруу керек экени белгилүү болду. Президенттин 2017-жылга чейинки стратегиясынын негизинде 50 миң гектар жерди өздөштүрүшүбүз керек”,- деди Т.Мадылбеков.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.06.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Сариев барып обешать этип кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: