super.kg logo

Бишкектеги 44 мектептин алдында жайкы лагерлер иш алып барышат

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов калаанын мектеп алдындагы лагерлерин текшеришти.

Маалым болгондой, мектеп алдындагы лагерлер 2015-жылдын 8-июнунан 3-июлуна чейин иштейт жана 3 миңдей баланы кабыл алат. Лагерлер шаардын 4 районунда тең иштейт. Биринчи Май районунда 9, Свердлов районунда 10, Октябрь районунда 3 жана Ленин районунда 12 лагерь ачылган.

Мектеп администрациялары бардык спорттук жабдыктар менен камсыздалган. Уктоочу жана эс алуучу бөлмөлөр түзүлгөн. Балдар ойной турган бөлмө оюнчуктар, логикалык оюндар менен толтурулган, ошондой эле мектептин китепканалары да иштейт. Бишкек шаарында мектеп алдындагы 44 лагерде балдардын коопсуздугу үчүн Бишкек ШИИББинин инспекторлору иш алып барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: