Вице-спикер депутаттарга: "12 миллион доллар үчүн кыргыз экенибизди унутуп калбайлы"
Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында "Кумтөр" кенине байланыштуу "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда.
Жыйында вице-спикер Чолпон Султанбекова "Кумтөр" маселеси боюнча билдирүү жасады. "20 жылдан бери бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп келүүдө. Канчалаган жигиттердин "Кумтөрдүн" айынан баштары кесилди. Өлкөбүз 20-30 жылга артка кайтты. Депутаттар "Кумтөр" жабылсын!" деп, өкмөткө келгенде "Кумтөр" иштесин" дешүүдө. Саясатты таштайлы, 12 миллион доллар үчүн кыргыз экенибизди унутуп калбайлы",- деди Султанбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

