"БУУнун "Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө" конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол коюлду
Президент Алмазбек Атамбаев “1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун "Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө" конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 11-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2015-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун "Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө" конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

