super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунан келген мектеп окуучулары менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Майрамкүл Тиленчиева Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынан парламенттин иши менен таанышууга келген мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу 11-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Депутаттар Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын иши, биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда мыйзам долбоорлорун карап чыгуунун тартиби тууралуу айтып беришти. "Биздин ишибиз ачык-айкын, жыйындар залында дайыма журналисттер болот, алар өз убагында маалымат берип турушат",- дешти депутаттар. Окуучулардын өтүнүчү менен эл өкүлдөрү өздөрү жөнүндө, өздөрү сунуш кылган мыйзам долбоорлору тууралуу айтып беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: