Бүгүн кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладешке каршы оюн өткөрөт







Бүгүн, 11-июнда Бангладештин Дакка шаарында кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладеш улуттук курамасына каршы оюн өткөрүшөт. Беттеш Бишкек сааты боюнча 17:00дө башталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, кечээ кыргыз мамлекетинин курамасы "Бангабагду" стадионунда атайын машыгуу өткөрдү. Машыгууга курамга кирген футболчулар толук катышты. Акыркылардан болуп курамга коргоочу Валерий Кичин дагы кошулду. 1 сааттык машыгуу алкагында футболчуларыбыз тактикалык схемалар боюнча иштеп, дарбазага сокку узатуу чеберчиликтеринин үстүнөн иштешти.
Кошумчалай кетсек, беттеш өтө турган "Бангабагду" стадиону 45 миң адамды батыра алат. Бангладештик массалык маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, бул беттеш аншлаг менен өтөрү күтүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жеңиш керек Даккадан!!! Алга Кыргызстан!!! Ийгилик!!!
ФИФАнын рейтинги боюнча 169 орунда экен. А биз 177 орунда экенбиз. Эми не дейбиз кудай колдоп уткула. АША