super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште мэр Кубанычбек Кулматовдун отставкасы талап кылынды

 
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү. Отурумда депутаттар Бишкек шаары өзгөчө кырдаалга гана эмес, жөнөкөй эле шамалга да даяр эмес экен айтышып, мэрдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. 
"Бишкек катардагы калаа эмес, ал – кыргыз мамлекетинин борбору, мамлекеттин жүзү. Өкмөт бул маселеге маани берип, күтүлүп-күтүлбөгөн кырсыктарга шаар жетекчилигинин жоопкерчилигин карашы керек",- деди депутат Бактыбек Калмаматов. Кесиптешинин мындай пикирин колдоого алган депутаттардын бири Кантемир Мурзабеков: "8-июндагы катуу шамалда бир канча дарак сынып, көптөгөн жарандар зыянга учурашты. Сынган дарактар айрымдарынын унаасынын үстүнө куласа, айрымдарынын үйүнө түштү. Бишкек мэриясы ушул чараларды алдын алуусу керек эле. Анткен жок. Ошондуктан мэрди кызматтан кетирүү талабын коёмун",- деп билдирди.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: