super.kg logo

Достукту жана биримдикти чыңдоого багытталган "Ачык Ысык-Көл-2015" аттуу фестивалда байкерлер мотошоу көрсөтүшөт

 
"Ачык Ысык-Көл-2015" III Эл аралык фестивалынын алкагында катышуучулар 13-июнь күнү унаалар жана мотоциклдер менен Ысык-Көлгө барышат. Алар Балыкчыда, Чолпон-Атада, Боз-Териде жана Семёнов капчыгайында маданий иш-чараларды өткөрүшөт. Бул тууралуу 11-июндагы маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти. 
Мындан сырткары "Таза Ысык-Көл үчүн" аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө көл жээгин таштандылардан тазалоо колго алынат. Фестивалдын ачылышына ырчылар катышып, КМШга мүчө мамлекеттердин желектерин көтөргөн катышуучулар парашют менен секиришсе, байкерлер мотошоу көрсөтүшөт. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: