super.kg logo

Кудайберген Базарбаев: "Өлкөдө 14-16 жаштагы балдардын иштөөсүнө уруксат берилген"

 

"Өлкөдө 14-16 жаштагы балдардын иштөөсүнө уруксат берилген". Муну бүгүн, 11-июнда “Балдардын эмгегин эксплуатациялоо жана билим алуу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, 2004-жылдан баштап, КРнын Эмгек кодексине ылайык, жашы 14төгү, мектепте окуган бала атасынын, энесинин же аны карап жүргөн адам тарабынан берилген уруксат менен жумасына 24 саат иштөөгө укугу бар.

Муну менен 16га чыккан бала жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүп, иштесе болот. Белгилеп кетсек, 16-18 жаштагы кыргыз жараны жумасына 36 саат гана эмгектенге мыйзам жол берет.

Учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн көбөйүп кеткенине байланыштуу өлкөдө кароосуз калган балдар мектепке барбай, иштеп жатышат. Бул нерсе баланын физикалык жана психо-социалдык өнүгүүсүн талкалайт”,- дейт Базарбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: