super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыздар эзелтен жалгыз бир адамдын бийлик жүргүзүүсүнө жол бербей жашап келишкен"

 
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун
Бүгүн, 11-июнда  "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө парламентаризмдин ролу тууралуу кайрылуу жасады.
"Дүйнөлүк парламентаризмдин пайдубалы болуп эсептелген негизги принциптер кыргыз мамлекетинин тарыхында эзелтен эле болгон. Кыргыздарда "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген жакшы кеп бар. Ата-бабаларыбыз орчундуу маселелерди ийри отуруп, түз кеңешип, курултайларда ачык талкуулап, чечип келишкен",- деди президент.
Анын айтымында, кыргыздар илгертен эле элдин эрки менен эсептешишкен, алар жалгыз бир адамдын бийлик жүргүзүүсүнө жол бербей турган эрежелер менен жашап келишкен.
"Элге сырттан таңууланган жат принциптер жана эрежелер эртеби-кечпи четке кагылган. Эгемендиктин алгачкы 20 жылында бийлик башындагылардын элдин эркине текебердик кылып, үй-бүлөлүк бийлик орнотуу аракеттери эки жолку революцияга алып келди",- деп билдирди Атамбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: