Бишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Кылмышка шектүү Э.Жаннат.

Бишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 10-июль күнү милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал Жаннат деген аял жер тилкесин алып берүү үчүн 4300 доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Э.Жаннат кармалган. Анын жер тилкелери боюнча 5 алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталган.
Эгерде ким бул аялдын алдамчылык аракеттеринен жабыркаса, (0552) 10-24-33 телефон номуруна кайрылса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.