Салижан Шарипов: "Космостон Ысык-Көлдүн формасы жылмаюуга окшоп көрүнөт. Эртеңки фестивалда кыргыз жерин сүйүш керектигин ар бир катышуучуга жеткиргибиз келет"
КРнын жана Орусиянын Баатыры, космонавт Салижан Шарипов 11-июндагы маалымат жыйынында "Ачык Ысык-Көл-2015" фестивалы аркылуу кыргыз жерин сүйүш керектигин ар бир катышуучуга жеткиргибиз келет" деп билдирди. "Космостогу планетанын өкүлү катары Жер шарында жаратылышы кооз, адам баласынын колу тие элек жерлер абдан көп экенин айткым келет. Ошондой кооз жерлердин бири Ысык-Көл болуп саналат. Көптөгөн космонавттар көлдү жакшы көрүшөт. Келип эс алып кетишет. Ысык-Көлдүн формасы космостон жылмаюуга окшоп көрүнөт",- деди ал.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ысык-Көлдө өтүүчү фестивалга КМШга мүчө мамлекеттерден катышуучулар келерин белгилеп: "200гө жакын адам катышуу үчүн келет. Фестиваль үчүнчү жолу өтүп жатат. Каржылоо маселеси чечилсе, башка аймактарда да ушундай иш-чара өткөрүп же башка облустардан балдарды катыштырууга алып келсек жакшы болмок",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aydarken

12.06.2015. 01:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Космостон корунушун жуктоп койбоптурда колдун суротун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.