Бишкекте Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө арналган көргөзмө-жарманке өтүүдө (фоторепортаж)































Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 11-июнда Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө жана Жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине арналган көргөзмө-жарманке өтүүдө.
Ага жүздөн ашык ишкерлер катышып, кыргыз жергесинде тигилген кийимдердин түрү арзан баада сатылууда. Муну менен катар жарманкеден туздалган козу карындарды, айымдардын атырларын, балдар оюнчуктарын, эркектердин бут кийимдерин, баалуу таштан жасалган асем буюмдарды жана башка товарларды табууга болот. Айта кетсек, жарманке Жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясы менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн атайын семинарлар, тегерек столдор өтөт. Андан сырткары бут кийимдердин жаңы коллекцияларынын көргөзмөсү болот. Ошондой эле "Fashion industry" аталышындагы дизайнерлердин сынагы өткөрүлөт. Бул жарменке 15-июнга чейин улантылат.

