Социалдык өнүктүрүү министри мамлекеттик мекемелерде жаш балдар менен иштешүүдө кыйынчылыктар бар экенин айтты










Бүгүн, 11-июнда Кара-Балтага болгон иш сапарында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев көзөмөл борборунда жана балдар үйүндө болду. Бул жайлар Кызыл Жарым Ай коомунун карамагында. Министр бул жолугушуунун максаты эки тараптуу кызматташууну жакшыртууга арналганын белгиледи.
Анын айтымында, коомдук уюмдар бул тармакта жакшы иш алып барып, өкмөттүн ишин жеңилдетип жатат.
"Биз бул жайлардын иши толук канааттандырарлык экенин айтып коюшубуз керек. Мисалы, мамлекеттик мекемелер жаш балдар жана карылар менен иштешүүдө кыйынчылыктарга туш болушат. Имарат издеш керек болот. Биз көрүп тургандай, бул жерде бардык шарттар бар",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.