super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Элибиздин жана Бириккен Улуттар Уюмунун ишенимин акташ үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз"

 
Бүгүн, 11-июнда президент Алмазбек Атамбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты.  

Өз сөзүндө президент башкы катчыга кыргыз мамлекетинде акыркы 5 жылдын аралыгында жасалган иштерге жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. ”Биз Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосунда канатташ чек араларда кызматташууну бекемдөө боюнча Тынчтыкты жаратуу фондунун алкагындагы жаңы демилгеси үчүн БУУга абдан ыраазыбыз. Эске сала кетейин, кыргыз-тажик ортосунда канатташ чек аралар боюнча кызматташууну тереңдетүүнү көздөгөн тиешелүү документтерге жакында эле кол коюлган. Биз канатташ чек аралардагы бардык маселелерди чечүү боюнча активдүү иш жүргүзүп жатабыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

“Кыргыз бийлигинин алдында көптөгөн көйгөйлөр, чече турган маселелер бар экендигин дагы жакшы түшүнөбүз. Биз өлкө элинин, дүйнөлүк коомчулуктун, тактап айтканда, БУУнун ишенимин акташ үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,- деди Атамбаев.  







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: