Лейлекте чек ара тартибин бузган аңчылар кармалышты
Лейлекте чек ара тартибин бузган аңчылар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн "Лейлек" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан аталган райондун Жакурут тилкесинде 3 кыргыз жараны кармалган. Алардын айтымдарында, илбээсинге (канаттуунун бир түрү) аңчылык кылып жүрүшкөн. Аларда эч кандай уруксат документтери болгон эмес.
Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалгандардын бири ок атуучу куралы менен милиция кызматкерине өткөрүлүп берилди. Ал эми экөө административдик жоопкерчиликке тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Сулосунбу же илбирсби ?
Маалымат толукталды.