super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун учурдагы абалы менен таанышып чыкты

 

Бүгүн, 11-июнда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Белгилүү болгондой, катардык плацта мейманды коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жетекчиси генерал-майор Рыскелди Мусаев жана башкалар тосуп алышты.

Вице-премьер-министр Маматалиев институттун окутуучулары, курсанттары менен баарлашып, мекеменин инфраструктурасын көрүп чыкты. Ошондой эле курсанттарды окутууда колдонулуучу аскер техникасы жана куралдары менен таанышты.

Жыл сайын Аскер институтунан 100гө жакын жаш офицерлер чыгып, республиканын бардык аймактарындагы аскер гарнизондорунда кызматтарын улантышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: