Кочкор-Ата шаарынын борбордук стадионуна 10 миңден ашуун эл чогулду




Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук стадионуна 10 миңден ашуун эл чогулду. Буга аталган аймакка өзгөчө көңүл бөлүп, дыйкандарды колдогон "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлдөрү келишкени себеп болду. Күн өткөн сайын курамы чыйралып бараткан партиянын мүчөлөрү бул күнү талапташтарын кубантышты, анткени алардын катары таза, коррупцияга малынбаган инсандар менен толукталууда.
кошулду
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, эл алдына "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаттары, аталган партиянын мүчөлөрү Мирлан Бакиров, Тынчтык Шайназаров чыгышты. Ошондой эле партиянын мүчөсү, “Саламат” корпорациясынын президенти Медербек Сабиров, партиянын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Мамаджанов, Жалал-Абад облусу боюнча координатору Кубанычбек Жолдошев, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча куратору Мурат Жетимишбаев, Нарын облусу боюнча куратору Алтынбек Жунус уулу, коомдук ишмер Нурболот Кутманов, Базар-Коргон районунун координатору Максат Мурзаев, Ноокен районунун координатору Замирбек Анарбаев, жергиликтүү кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты Мейкинбек Абдалиев, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кабылжан Кимсанбаев, жергиликтүү кеңештин депутаты Элияр Салиев, Шамалды-Сай шаарчасынын башчысы Данияр Садырбеков, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин “Өнүгүү” фракциясынын жетекчиси Данияр Назаров жана Базар-Коргон районунун координатору Нияз Арзыбаев катышты.
Жолугушууда Бакыт Төрөбаевдин жардамы менен 12 жолу операция жасалып, аман калган Нурмухаммед Сапарбаевдин ата-энеси партия төрагасына ак калпак кийгизип, ак чапан жапты.
кошулду
"Өнүгүү-Прогресс" дыйкандарды колдогон жалгыз партия
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
2

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Маалымат бергенге аракет кылабыз. Бирок туш келди жакка бир суроону эле калтыра бербесеңиз.