super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: "Жооптуу мекемелер арыз бергенден кийин гана "Ачык Ысык-Көл-2015” аттуу фестивалга каражат бөлүнөт"

 
“Ачык Ысык-Көл-2015” III Эл аралык фестивалынын уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Иван Гетелюктун "Каржы министрлиги иш-чараны уюштурганга бир тыйын да берген жок" деген билдирүүсүнөн кийин аталган министрликтин басма сөз кызматы жооп катары мекеменин пикирин жарыялады. 
Анда: "Ар кандай багыттагы иш-чараларды каржылоо жооптуу мамлекеттик органдардан келген арыздардан кийин жүргүзүлөт. Өкмөттүн 2015-жылдын 29-мартындагы жарлыгына ылайык, достукту чыңдоого багытталган "Ачык Ысык-Көл-2015" фестивалына жоопкерчилик алган министрликтер жана мекемелер Каржы министрлигине чыгашалардын сметасы менен кошо арыз бериши керек эле. Бирок азыркыга чейин тийиштүү документтер келе элек",- деп айтылат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: