super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов Жогорку Кеңештеги оппозицияны күчөтүүнү сунуштады

 
"Парламенттик оппозициянын ролун жана маанисин күчөтүү керек". Мындай оюн бүгүн, 11-июнда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште оппозициянын алсыздыгынан бир канча майда депутаттык топтор түзүлгөн. "Парламенттик оппозицияны күчөтүш үчүн парламенттик фракцияларды бекемдөөгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуу керек",- деди Кулов.
Андан соң ал акыркы 5 жыл ичинде Жогорку Кеңеш сын-пикирлерге карабастан, ачык-айкын иштегенин баса белгиледи. "Быйыл күзүндө жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен парламенттик шайлоо өтөт. Мындай ыкма шайлоонун ачык жана таза өтөрүнө кепилдик берет. Ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоо - өлкөдөгү туруктуулуктун негизги шарты",- дейт Кулов.
Айта кетсек, аталган конференция "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда президент Алмазбек АтамбаевБириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: