Нарын шаарында курулуш материалдарын чыгаруучу ишкананын ачылышы болду









Бүгүн, 11-июнда Нарын шаарында пескоблок жана таш төшөлгө (брусчатка) чыгаруучу муниципалдык ишкананын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирди. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, шаардын депутаттары жана коомчулук катышты.
Таш төшөлгө жана пескоблокко болгон баа күндөн-күнгө кымбаттап жаткандыктан, Нарын шаардык мэриясы жана кеңеши таш төшөлгө жана пескоблок чыгаруучу жабдууларды сатып алуу демилгеси менен чыккан. Натыйжада жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2014-жылдын аягында 980 миң сомго шаардык «Таза Нарын» ишканасына курулуш материалдарын чыгаруучу жабдуулар Кытайдан алынып келинген. Жабдуулар шаардын Москва аймагынан бɵлүнүп берилген жерге орнотулуп, таш төшөлгө шаардын керектүү жерлерине төшөөгө пайдаланылып, сатыкка да чыгаруу жагы пландаштырылууда. Мында 12 адам жумуш оруну менен камсыз болуп, таш төшөлгөнүн 5 жана пескоблоктун 2 түрү чыгарылат.
Белгилей кетсек, жогорудагы жүргүзүлө турган иш-аракеттер 2014-2017-жылдары Нарын шаарын ɵнүктүрүүнүн жол картасына кирген долбоорлордун бири болуп саналат.



1 |