Пан Ги Мун Ошто Июнь окуясында курман болгондорду эскерди
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун бүгүн, 11-июнь күнү Ош шаарында болуп, Июнь окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Алгач башкы катчы жана өкмөт башчы Темир Сариев “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюшту. Сапар алкагында ал Июнь окуясынын 5 жылдыгына арналып өтчү иш-чараларга катышат.
Айта кетсек, Пан Ги Мун бүгүн Бишкекте өткөн парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференцияга да катышып, анда кыргыз мамлекетиндеги демократиялык багыттар боюнча ишине баа берди. Ал кыргыз жерине 10-июнда келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

