super.kg logo
  Саясат  

Сот "Центерра" ишканасындагы кыргыз мамлекетинин 47 миллион акциясын камактан чыгарды

 

Онтарио Жогорку Соту (Канада) "Центерра" ишканасындагы Кыргыз Республикасынын 47 миллион акциясын камактан чыгарды. Бул тууралуу бүгүн 11-июнда "Кыргыз алтын" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул соттук чечимди чыгарууга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун 2013-жылдын сентябрь айындагы чечими, Москва шаарынын Арбитраждык сотунун 2015-жылдын 29-апрелиндеги чечими негиз болду. Мындан тышкары Онтарио сотуна "Станс Энержи Корп" ишканасы Экономикалык Соттун чечиминин толук текстин бербегени жана керектүү маалыматтарды көрсөтпөгөнү белгилүү болду.

Айта кетсек, сотто "Кыргыз алтын" ишканасынын кызыкчылыктарын «Baker & McKenzie LLP» Эл аралык юридикалык компаниясынын канадалык кеңсеси коргоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: