super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Жарандык коомдун күчтүүлүгүнөн улам биз парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда баратабыз"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.

Төрага башкы катчыга Жогорку Кеңештин 5 жыл аралыгындагы ишмердүүлүгүнө берген жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз “Парламенттик демократия: сабактар жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сиздин жана президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдан тарта Кыргыз Республикасында болуп өткөн процесстерге оң баа бергениңиздерге кубанычтабыз. Ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын кыргыз өлкөсүнө жардам көрсөтүү боюнча өз маалындагы чакырыгы 2010-жылдагы түзүлгөн оор кырдаалдан чыгууда баа жеткис роль ойноду”,- дейт Жээнбеков. 

Төрага 2012-жылы АКШда болгон эки тараптуу жолугушууда БУУнун Башкы катчысы парламенттик демократиянын анык жактоочусу экенин билдирип, кыргыз тараптын өтүнүчү менен БУУнун Тынчтык куруу фондунун линиясы боюнча жалпысынан 26 миллион доллар каражат бөлүп, көмөк көрсөтүүгө ыкчам киришкенин эске салды. “Бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттердин негизинде биз кырдаалды турукташтыра алдык жана өлкөдө тынчтык менен туруктуулук өкүм сүрүп жатканын толук жоопкерчилик менен айта алабыз. Бүгүн өлкө жетекчилигинин аракети көп улуттуу кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өсүшүнө жана анын элинин ынтымагын бекемдөөгө багытталат”,- деп билдирди төрага.

Пан Ги Мун: "Мен парламентаризмге терең ишенем жана Кыргыз Республикасынын парламенттик башкаруу формасы менен демократиялуу мамлекет курууга болгон аракетин жогору баалайм

Өлкөдөгү реформаларды алга жылдырып жаткан, алсак, укук коргоо жана сот тармактарындагы өзгөрүүлөргө көмөк көрсөткөн Жогорку Кеңешти, ошондой эле кыргыз тараптын терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, мыйзам үстөмдүүлүгүн сактоо боюнча ишин колдойм",- деди Пан Ги Мун.

Ал эми төрага өлкөдө жарандык коомдун жогорку ролу менен күчтүү позициясын белгиледи. "Жарандык коомдун күчтүүлүгүнөн улам биз парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда баратабыз",- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: