Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында кызматкерлердин жетишсиздиги айтылды





Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында кызматкерлер жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда “Биздин балдар - планетабыздын келечеги” аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жолчиев билдирди. Анын айтымында, учурда аталган башкармалыкта болгону 23 инспектор иштейт.
“2010-жылы текшерүүчү органдарды кыскартуу боюнча өткөрүлгөн реформадан кийин 62 инспектордон 23 гана инспектор калды. Ал эми биздин мекемеге бир жылда 1500 арыз келип түшөт. Алардын ар бирин текшерип чыгууга 2 жума кетет. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси кадрлардын аздыгы боюнча бир топ жерге кайрылат, бирок учурда натыйжа жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп жатабыз”,- дейт Жолчиев.

