Жыл башынан бери экотехинспекция 6 рейд өткөрүп, 38 баланын оор жумушта иштеп жаткандыгы аныкталган





Жыл башынан бери экотехинспекция тарабынан 6 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 38 бала оор жумушта иштеп жаткандыгы аныкталган. Муну бүгүн, 12-июнда “Биздин балдар - планетабыздын келечеги” аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жолчиев билдирди. Анын айтымында, балдардын эмгегин эксплуатация кылган жумуш берүүчүлөргө буйрутмалар берилген.
“Өлкөдө 436 миң бала социалдык коргоого муктаж. Алар республикадагы балдардын жалпы санынын 20 пайыздан ашыгын түзөт. Мындан тышкары 2055 жаш бала оор жумушта иштегендиги аныкталып, алардын 849у оор жумушка тартылган. 2014-жылы алардын укугун коргоо боюнча кодекс кабыл алынган.
Айта кетсек, 2014-жылы инспекция тарабынан 54 рейд өткөрүлүп, анын натыйжасында 243 бала иштеп жүргөндүгү билинген. Жумуш берүүчүлөргө буйрутма берилген, бирок алар кайра мамлекеттик мекемени сотко берген учурлар болгон”,- дейт Жолчиев.

