Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-июнда президент Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады. Куттуктоодо: "Орус элин жана сизди мамлекеттик майрам болгон Орусия күнү менен куттуктайм! Орусиянын мамлекеттик суверенитетти алган күндөн тартып өлкө өнүгүү жолундагы жаңы багытка өткөн. Бул болсо кыргыз-орус мамилесине оң таасирин тийгизди. Майрам Орусия элдеринин улуттук символуна айланып бара жатат. Сизге жана орус элине бакыт, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалайм",- деп айтылат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:56
2026-02-26
14:38
2026-02-26
13:32
2026-02-26
12:19
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















