super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Султанов: "Малайзияга келе турган кыргыз жарандары өлкөнүн мыйзамдарын сактап, билимдүү болушу кажет"

 
КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов бүгүн, 12-июнда кыргыз журналисттеринин суроолоруна жооп берип, Малайзияда кыргыз жарандарынын ишке орношуусу тууралуу айтып өттү. 
"Бул жакка келген жарандар билимдүү болушу керек. Англис тилин билүүсү шарт. Анан, албетте, бул өлкөнүн мыйзамдарын сыйлашы кажет",- деди элчи.
Мындан сырткары эки өлкө ортосундагы кызматташтыгын жана байланышын бекемдөө аракеттерине токтолуп, Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси каралып жатканын билдирди. Ошондой эле малайзиялык ишкерлерди кыргыз өлкөсүнө кызыктыруу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, кыргыз журналисттери Малайзиядагы ири медиахолдингдердин иши менен таанышып, тажрыйба алмашып жатышат. Ал эми аталган өлкөгө барган ырчылар жана “тамашоучулар” ал жактагы мекендештерге бүгүн, 12-июнда атайын концерт коюшат. 

Маданий-маалыматтык иш-чараларды элчи Кылычбек Султанов башында турган КРнын Малайзиядагы элчилиги эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында уюштурган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: