super.kg logo

Серепчи: “Ош шаарындагы базарларда кол араба сүйрөп иштеген балдар күнүнө 18 чакырымды басып өтүшөт”

 

"Ош шаарындагы базарларда кол араба сүйрөп иштеген жаш балдар бир күндө 700-800 килограмм жүктү ташышат". Муну бүгүн 12-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Биздин балдар - планетабыздын келечеги” аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө КРдагы Эл аралык эмгек уюмунун серепчиси Алмаз Султашев билдирди. Анын айтымында, базарда кол араба сүйрөп иштеген балдар жүк көтөрүп да иштешет.

Мындай жумушта иштеген балдардын орточо жашы 12де экенин аныктап чыктык. Жаш балдар 1 суткада 12 саат иштешсе, өспүрүмдөр 13 саат эмгектенип, 18 чакырымды басып өтүшөт. Анан кардарды алар бир нече сааттап күтүп, муну менен катар бир бала бир жумуш күнүндө 13 каттам жасайт. Арабаны сүйрөөдө кичинекей балдар экиден болуп иштеп акча табышат экен. Ошондой эле мындай жерлерде рэкетчилик күч алган.

Айта кетсек, кол араба сүйрөгөн балдар бир эле кыймылды 1246 жолу кайталай бергендиктен, сөөгү ката элек балдардын сөөгү деформацияга учурап калууда”,- дейт серепчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: