super.kg logo

“Ата Мекен” cоциалисттик партиясы баштаган партиялар парады

 
Белгилүү, абдан окумдуу маалымат каражаты бир ай бою жүргүзүп келген сурамжылоодо айтылуу “Ата Мекен” партиясы адегенде топ башындагылардын ичинде келатса, акырында топту жарып чыгып, баштап алыптыр. Ал маалымат каражатына ишенсе болот, анткени андагылар атайын уюшулган добуштарды улам чыгарып салып турушары белгилүү.

Айрым шекшигендер "бул партияны жактагандар көп экен, ошолор интернеттин бетин бербей добуш берип келишти" дегендери аркылуу өзүлөрүнө каршы чыкканын да сезбей калышкандай. Анткени мунун өзү “Ата Мекендин” электоратынын арбындыгын ырастап жатпайбы! Добуштардын географиясы да кеңири болду. Тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев түптөгөн саясий уюм кыргыз коомчулугуна кылым чейрегинчелик мазмундуу өмүр баяны, кыр ашырткан уюткулуу иштери менен таанылып келе жатканын эч ким танбас. Ал ортодо партия да, партия башчысы да далай сыноолордон татыктуу өтүп, ушунча мезгил бою эч ташыркабай, чоң аламандагы чаалыкпас тулпарча төрт аягын тыбыраткан бойдон келатат. Кыргыз жериндеги саясий турмуштун күнгөй-тескейин көрдү, көрө албастардын, ичи тарлардын кастыгын баштан кечирди, атайын уюштурулган арам оюндарга моюн сунбады.

"Өмүкөнү каралагандар өзүлөрү караланып, туз жалап отуруп калышпадыбы. Ырас, Текебаевдин бир караганда татаал, дүрт этип жанып кетме мүнөзүнө баары эле чыдай беришпейт. Айрымдарга түшүнүксүз терең ойлонулган саясий кадамдарын баары эле сезе алышпай, андан шекшигендер, кара санагандар да арбын. Ошентсе да мындан бир топ жыл мурда кесиптеш карындашым Бермет Букашеванын Өмүкөнүн саясий тапкычтыгы, жаңычылдыгы, оор салмагы тууралуу калыс жазганы, бул көп кырдуу инсандын түпкүлүгүн туура аңдай алганы бүгүн ырасталууда",- деп айтылат маалыматта. 

Сурамжылоого кайрылсак, калган орундардагы партиялардын абалын түшүнсө болот. Айрымдары шайлоо өнөктүгүн баштамак турсун, кимге кошулуп, ким менен барарын эмдигиче аныктай элек болсо, кээ бири алда немени күткөндөй саксынып турат. Шайлоочуларды эптеп болсо да, кантип алдоону күнү-түнү ойлоп, түн уйкусунан кече баш катырган партиялар да аз эмес. Мындайлар шайлоодо акмак болуп, анан утулганын өлөрмандана саясатташтырып чыр-чатакташкандан көрө, азыртадан эле ишин жыйыштырып койгону оң. 

Ал ортодо “Ата Мекен” кадимки уюмдашуусун дагы бир ирет чыңдап, райондук, шаардык конферецияларын ийгиликтүү өткөрүп, эми облустук курултайларын баштаганы турат. Конференцияларда партия мүчөлөрү жасалмалыкка жол бербей, “Ата Мекендин” өлкөдөгү анык кадыр-баркын ырасташкандай болду. Ага удаалаш партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясы маанилүү мыйзам долбоорлорун, аларга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү кароодо маанилүү маселелерди кабыргасынан коюп, айрым фракциялардын жылмакай тыянактарынан айырмаланып, мамлекеттин, элдин, кыргыз жеринин таламдары үчүн тикесинен тик турганы, абдан талуу көйгөйлөрдү өкмөттүн бетине ачык айтып жатканы электораттын тандоосун Өмүрбек Текебаев баштаган партияга бир топ буруп койгону талашсыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
12.06.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыз Омурбек Чиркешович! Бир гана сиз эмес башка партиялаштарыныз да улгу болорлук иштерди аткарып кулатышат, жегенден алыс дегендей! Ата-Мекенге добуш беребиз!
12.06.2015. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эртеден бери ушу жанылыкты кутуп жаткам да))
13.06.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ийгилик! Башкаларга үлгү болгон партиялардан болгула.
13.06.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колунан баары келип турган саясатчы,партиясы да алдынкы партиялардын бири,бирок эмнегедир олкобузго жакшы салым кошо албады. Анткени партиянын лидери 20жылдан ашуун бийликте журот,мыйзамдарды чыгарат,бирок ошол мыйзамдары жетишерлик таасир бере албады мамлекетке мумкун чиновниктерге ылайыкташтырылган мыйзамдардыр. Интернетеги иликтоого ишенип болбойт,баарын куздогу шайлоодо коро жатаарбыз ким канчалык таасир бере алды элине.
13.06.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
edu.kg., эн туура айтыпсынар кошулам 5+
13.06.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ата-Мекен партиясын колдойм. Текебаев 20 жылдан бери коптогон мыйзамдарды жазып, Конституцияга киргизип келет. Ал эми мыйзамдардын аткарылышы Аткаруу бийлигине байланыштуу, мыйзамды сыйлап ага баш ийуу озубуздон.
13.06.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мородерчулук иштери али сотко жете элек ачылса дагы такталса дагы,колунан баары келген адамдын абиири эч качан ачылбайт. "Биз бийликке келсек уурулардын баары жоголот,корупцияга чекиткойобуз,ж.у.с" деген партия азыр ал созунун бирин да аткарбады. Анан кантип ишенууго болот? Интернетеги же алдын ала божомол добуштар эч нерсени чечпейт.
13.06.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Омурбок Черкешович Текебаев кучтуу саясатчы духу да кучтуу биз Омурбек Черкешовичти колдошубуз керек. Крим дуйного ачык каршы суйлогон адамдар шулулар гана Мадумаров экоо.
14.06.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бандиттер олкодон чыгып кетет деди эле тигине Батукаевди министирлер оздору баш болуп самолет м.н узатып жиберишпедиби ооздору эле суйлойт булардын эл учун эч нерсе жасашпайт ата мекенин эч нерсе боло электе эле жылкы сойуп баштабадыбы райондордо.элин жыргап этин жеп бирдемесин ичип алып кете берди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: