“Түндүк электр” ишканасы: "Эл электр энергиясына болгон дебитордук карызынын суммасын кыскартып келүүдө"
“Түндүк электр” ишканасы абоненттеринин электр энергиясына болгон карызы 2015-жылдын 1-июнуна карата көрсөткүчтө 476,6 миллион сомду түздү. Май айында ишкана боюнча абоненттердин дебитордук карызы 76,6 миллион сомго (13,8 пайызга) кыскарган.
Аталган ишканадан кабарлашкандай, электр энергиясына болгон карыздын көбүрөөк төмөндөшү боюнча 20,2 миллион сом (же 18,3 пайыз) бюджеттик уюмдар категориясында катталган. Калк арасында дебитордук карыздын кыскаруусу байкалат (50,8 миллион сом же 16,7 пайыз). Жыл башынан тарта калк электр энергияга болгон карызын 162,3 миллион сомго же 39 пайызга төмөндөттү. Айыл чарба керектөөчүлөрүнүн арасында да май айында дебитордук карыз 0,8 миллион сомго азайса, ал эми өндүрүш абоненттери 1,7 миллион сомго төмөндөтүшкөн.
Жыйынтыгында май айында бишкектиктердин энергетиктерге болгон карыздары 28,2 миллион сомго (14,2 пайыз) азайганы тастыкталган.
Чүй облусу: 42,7 миллион сом (16,9 пайыз);
Талас облусу: 5,6 миллион сом (5,5 пайыз).


1 |