super.kg logo
  Саясат  

Төрага Жээнбеков Валентина Матвиенко менен Сергей Нарышкинди Орусиянын күнү менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкинди Орусиянын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 12-июнда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Жээнбеков өз куттуктоосунда бул жалпы улуттук майрам Орусиянын жетишкендигинин, анын улуулугу менен биримдигинин күбөсү экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы Орусия менен болгон өзгөчө ишенимге жана негизделген салттуу өнөктөштүк мамилени жогору баалай турганын айтат. Төрага жогорку деңгээлдеги парламент аралык алакаларды канааттануу менен белгилеп, өзүнүн орусиялык кесиптештерине чың ден соолук, бакубат турмуш, ал эми Орусия калкына өсүп-өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: