Үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл айымдын жолдошу балдарынан кабар алган жок

Үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл айымдын жолдошу балдарынан кабар алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталына ымыркайлардын апасы Бактыгүл Камчыбек кызын карап жаткан мечиттин кызматкери Зарина Батыралиева билдирди. Анын айтымында, Бактыгүл күйөөсүн үч күн күткөн, бирок жолдошу келген эмес.
“Бүгүн Бактыгүл балдары менен №6-төрөт үйүнөн Жал кичи районундагы Баланы жана энени коргоо борборуна которулду. Үч эмдин жана апасынын ден соолуктары жайында. Учурда демөөрчүлөр 3 айга ижарага батир алып беребиз дешкен, ошону ойлонуштуруп жатат. Ошондой эле жакында КРнын Саламаттыкты сактоо министри келип, эне менен балдардын ал-абалы менен таанышып, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн айтты.
Ал эми Бактыгүл менен жолдошу расмий никеге катталышкан эмес. Үч эмден башка балдары жок”,- деди Батыралиева.


Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.