8-9-июнь күндөрү болуп өткөн катуу шамал "Түндүк электр" ишканасына 3 миллион сом зыян алып келди
8-9-июнь күндөрү болуп өткөн катуу шамал "Түндүк электр" ишканасына 3 миллион сом зыян алып келди. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында электр өткөрүүчү зымдардын 254 үзүлүүсү орун алды. Мындан тышкары трансформатордук көмөк чордондордун жабдууларынын 154 бузулушу катталып, 55 зым карагай жерге кулады.
"Жалпысынан диспетчердик кызматтарга 1151 кайрылуу түштү. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ишкананын 130 кызматкери тартылды. 12-июнь күнүнө карата бардык зыян тарткан аймактар калыбына келтирилди",- деп билдирди "Түндүк электр".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.