super.kg logo
  Саясат  

Японияда өткөн ишкерлердин жолугушуусунда кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы тууралуу айтылды

 
Токио шаарында кыргыз жана япон ишкерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз ишкерлери аталган өлкөдө бир апта болуп, япон ишкерлеринин башкаруу ыкмасын өздөштүрүү менен бирге ишкердиктин жаңы түрлөрүн үйрөнүшөт. Ошондой эле тажрыйба алмашып, тийиштүү байланыштарды түзө алышат. Бул тууралуу 12-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.  
Иш-чарага катышкан КРнын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев кыргыз мамлекетинде Орусия, Түштүк Корея, Түркия, Кытай, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн ишкерлери ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын айтып, бул арада Япониядан барып иштегендер да бар экенин кошумчалап өттү. Өлкөдөгү унаа чыгаруучу ири компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышкан кыргыз ишкерлери жолугушуу учурунда өлкөнүн инвестициялык потенциалын айтып беришти.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: